Menu

Садыр Жапаров коррупцияга шектелип кармалган Райым Матраимов эмне себептен бошотулганын түшүндүрдү

Бөлүшүү:

“Райымбек Матраимов боюнча чечимди мен кабыл алдым. УКМК жетекчиси “камайм” деп айтты. Токтоп тургула, жети өлчөп бир кесели деп айттым” – деп комменарий берди президенттин м.а. жана премьер-министр Садыр Жапаров ВВС кыргыз кызматына Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун кармалышына.

Жапаровдун айтымында, УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев Матраимов башка ысым менен паспортун өзгөртүп, Дубайга чыгып кеткенге даярданганын айтып, “аны камайм” деген.

Матраимовду башка ат менен жана жаңы паспорт менен Дубайга кетүүгө камынып жаткандыгына байланыштуу, аны кармоого даяр экендигин жарыялаган. Ал кармалгандан кийин Жапаровго аны камакка алууга даяр экендиктерин айтышкан. 

“Буга чейин эки жыл мурун А.Атамбаевди камадыңар. Райымдан үч эсе бай, миллиарддары бар, бир тыйын төктүрдүнөрбү? Эки жылдан бери мамлекеттин эсебинен багып жатабыз. К.Кулматовду кармадыңар. Райымдан эки эсе бай, мамлекетке эки тыйын төктүрдүңөрбү? Жок! Аны да мамлекеттин эсебинен багып жатабыз. Ошол сыяктуу эле А.Ибраимов, Сапар Исаков ЖЭБ боюнча деп жатат, Эшматов, Ташматов ж.б. бирөөсүнөн мамлекеттик казынага бир тыйын төктүрдүңөрбү? Жок!” – деди Жапаров.

Жапаров башкача жол менен баратканын, иштөө стили башкача экенин белгиледи. Райым-милионду камап коюу беш секунддук иш экенин, бирок алкамалгандан кийин эсептери жабылып, мамлекетке келтирилген зыяндын бир да тыйынын кустура албай калышарын түшүндүрдү.

“Сот жараяны жылдап уланат. Эгерде азыр камакка алып, анан ишти тергейбиз десек, үй-мүлкүн конфискация кылабыз десек, анда бир үйүн же машинесин, макул бир объектисин алалы. Бирок ал 24 миллион эмес, 2 миллионго дагы чыкпаган мүлк болот да. Ошондуктан мен силерден суранам, бир эле Райым эмес, бардык коррупционерлер кусат. Биз кустуруу жол менен кетебиз. Андай кылбайбы, камакка алынат. Кечээ күнү кармалгандан кийин дароо 80 млн сом төктү. Тергөө органдары менен иштеше турган болду. Ноябрдын аягына чейин 2 млрд. сом төгөт. Эми бул башы эле, азыр изилдене элек” – деди Жапаров.

Эгерде тергөө келтирилген зыяндын суммасы 2 миллиард сомдон да көп экенин аныктасачы деген суроого Жапаров “Азыр иш баштала элек. Аны жаңы кармап келдик. Эгерде ал Дубайга чыгып кеткен болсо, биз анда жылдап издеп жатмакпыз. Дубай менен качып кеткендерди өткөрүп берүү боюнча келишим жок болгондуктан, аны өткөрүп алалбай калмакпыз” деп жооп берди.

“Учурда канчасы качып жүрөт. Бүгүн деле беш жылдап, он жылдап качып жүргөндөр бар. Мурдагы бийлик бирөөнү кармап келип, бир тыйын төктүрө алдыбы? Жок! Биз радикалдуу кадамдарга барбай, жети өлчөп бир кесип, мамлекетке жана элдин кызыкчылыгына пайда алып келген жол менен кетели. Аягында барып тергөө иштери жүрөт, анан сотко барат, сот чечим чыгарат” – деп жыйынтыктады ал.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 69 − 68 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: