Menu

Акзыйнат Эшпаева, Токон Эшпаевдин кичүү кызы, ырчы: “Атамдын жуула элек, кийип жүргөн көйнөгүн бир топко чейин жыттап, куса болуп жүрдүм”

Бөлүшүү:

Аккордеондун кубулжуган үнүнө авазы шайкеш келип, кыргыз музыкасына жаңылык киргизип кеткен Кыргыз эл артисти, белгилүү обончу, аткаруучу Токон Эшпаев көзү тирүү болгондо азыр 70 жашты багындырмак экен. «Чаткалым», «Акманым», «Ак тилек», «Керме-Тоонун кыздары» деги койчу ушул сыяктуу керемет чыгармалары менен эсибизде калган Токон Эшпаевди кимдер гана билбейт. Ал ырчы обончу гана эле эмес, жакшы өмүрлүк жолдош, мыкты ата болгондугун балдары айтат. Кыздары да ата жолун улап, чыгармачыл чөйрөдө жүрүшөт. Биз анын кичүү кызы Акзыйнат Эшпаева менен маек курдук, ал бизге атасы тууралуу буларды айтып берди.

Акзыйнат сен Кыргыз Эл артисти Токон Эшпаевдин кызы эмессиңби, ал киши тууралуу эмне айта аласың?

– Атам кыргыз искусствосуна зор салымын кошуп, кыргыз элинин сый-урматына татып, мыкты обондорун мурас кылып калтырып кетти. Ал киши менен дайыма сыймыктанам, элдин баары сыйлап турушаар эле. Бирге иштешкен кесиптештери, жоро-жолдоштору “Токон тек гана ырдады. Жулунуп, байлыкка чуркабады. Карап турсаң момун, сахнага да басмырт маанайы менен чыгып, анан ырдаганда залды жарып салчу. Ар бир ыры керемет эле. Бир калыпта жүрчү” деп эскерип калышат. Атам чын эле ушундай адам болчу. Сыртта сыйлуу, залкар адам болсо, үйдө бизге мыкты ата болду. Чын эле бирөөгө катуу айта алчу эмес. Ашкере боорукер, бала кыял, мээримдүү, баласаак эле. Мээримдүү көздөрү, жылуу сөздөрү менен мыкты ата катары эсимде калды. Аттиң, ушул сөздөрүмдү атамдын көзү тирүүсүндө айтсам болмок, ага жетишпей калдым. Эми гана бой жетип, чоңое баштаганымда кете берди. Анын үстүнө атама ашыкча сөз айткандан да тартынчу элем.

– Эң кичүүсү болгондуктан, эрке болсоң керек, сени эмне деп эркелетчү эле?

– Ооба, мен алты бир туугандын эң кенжеси болгондуктан, эркелеп өстүм. Атам мени “мамакозу” деп эркелетип, бир дагы жолу мага үнүн өктөм чыгарып сүйлөгөнү эсимде жок. Балким мен кичинекей болгонгобу, айтор мени урушчу деле эмес. Антейин десем, өзү табиятынан момун, көп сүйлөбөгөн адам болчу. Үйдө деле өзү менен өзү болуп, анчамынча бузулган, сынган нерселерди оңдоп, кыбырап жүрө берер эле. Атымды да атам өзү коюптур. Улуу эжебиздин аты Аксаамай. Актилек деген байкем бар, анан Акмаанай эжем. Аларга уйкаш болсун деген ойдо Акзыйнат деп койсо керек.

– Көзү тирүү 6олгондо 70 жашка чыкмак экен, туулган күндөрүн белгилечү беле?

– Ажалга айла жок экен, жармашкан оору менен алышып жүрүп, эрте эле арабыздан кете бербедиби. Көзү тирүү болсо азыр 70 жашка чыгып, чоң той берип, юбилейин өткөрмөк экенбиз деп эскерип отурабыз. Мен каникул башталаары менен Ошко жөнөчүмүн. Атамдын туулган күнү жай айларына туш келгендиктен, жыл сайын бардыгыбыз чогулуп, туулган күнүн тосуп алчубуз. Каникул бүтүп Бишкекке жөнөөрүмдө атам жолго өзү узатып чыгаар эле. Ага мен дагы көнүп алгам. Көзү тирүү турса деле кетип атып бышактап ыйлай берчүмүн, атама деген кусалыгым канча жүрсөм да тарачу эмес. Ичим ачышкан бойдон кетчү элем. “Сабактарыңды жакшы оку, жалкоо болбо, көп уктаба. Эң негизгиси текеберленбей, жөнөкөй адам бол”-деген сыяктуу акыл-насаат кептери менен узатып кала берчү. Ошентип мектепте окуп жүргөн кезимде өтүп кетти. Өтүп кеткенден кийин айылда бир топ жүрүп калдым. Окуум башталгандыктан, кыркылыгы өткөндөн кийин шаарга кетиш керек болду. Баягы узатып чыккан атам жок, абдан жаман болдум. Ал учурду сөз менен жеткире албайм. Атамдын жуула элек, кийип жүргөн көйнөгүн ала келип, бир топко чейин жыттап, куса болуп жүрдүм.

– Токон Эшпаев деген атты жалпы кыргыз журтчулугу билет, талантын сыйлайт. Ушундай инсандын кызы болгонуңа сыймыктансаң керек?..

– Ушундай улуу таланттын, жакшы адамдын кызы болгонума шүгүр келтирем, сыймыктанам. Залкар адамдын кызы болуу албетте сыймык, бирок жөн гана эң мыкты адамдын кызы болуш андан өткөн сыймык. Атактуу болгонуна карабай жөнөкөй эле. Мындай инсандын кызы болуу сыймыктуу болгону менен ошончолук жоопкерчилиги да бар. Аны ар бирибиз сезип турабыз. Бир туугандар ичинен Акмаанай эжем экөөбүз эл алдына чыгып жүрбөйбүзбү, ошол себептен атабыздын атын булгап албайлы деп турабыз.

Булак: “Майдан.кж”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: