Menu

Төмөнкү Ала-Арчада 26 жаштагы кыздын өлтүрүлүшү: Чүй облустук соту кылмышка шектүү эмне үчүн бошотулганын айтып берди

Бөлүшүү:

26 жаштагы Айгерим Токобаеванын өлүмүнө шектүү бир нече себептерден улам анын баш коргоо чарасы өзгөртүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 2-ноябрда журналисттерге Чүй облустук сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымында, буга чейин Аламүдүн райондук соту кармалган үч адамды камакка алган. Бирок адвокаттар бул чечимге каршы Чүй облустук сотуна даттанышты.

Басма сөз кызматы билдиргендей, 31 жаштагы Б.Ж.га карата өлтүрүлгөн кыздын ата-энесинен каршы билдирүү келип түшкөн. Сотто белгиленгендей, алардын шектүүгө карата эч кандай дооматы жок.

«Мындан тышкары, шектүүнүн ден-соолугуна байланыштуу тергөө абагында кармоо мүмкүн эместиги тууралуу медициналык справка бар. Ошондой эле анын багуусунда үч жашы жете элек баласы бар жана ал күрөөгө атайын эсепке 1 миллион сом которгон », – деп билдирди басма сөз кызматы.

Эскерте кетсек, 26-сентябрь күнү саат 02:50 чамасында Төмөнкү Ала-Арча айылындагы үйлөрдүн бирине беткап кийген эки белгисиз адам кирип, 62 жаштагы Т.Ж жана анын 26 жаштагы кызы Т. А.ны бычак менен жарадар кылган. Андан кийин алар белгисиз тарапка качып кетишкен. Алган жараатынан улам кыз каза болуп, атасы Бишкек шаарындагы ооруканалардын бирине жеткирилген.

Бул факты КРнын Кылмыш-жаза кодексинин “Киши өлтүрүү” беренеси боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш башталган.

Кылмыш коомчулукта чоң резонанс жаратты. Аны ачыкка чыгаруу үчүн ИИМдин, Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын жана Аламүдүн РИИБнин тажрыйбалуу милиция кызматкерлеринен тергөө-ыкчам тобу түзүлгөн.

14-октябрда ыкчам кызматкерлери үч шектүүнү кармашты. Алар 31 жаштагы Б.Ж., анын 28 жаштагы айдоочусу О.А. жана 31 жаштагы К.Ч. Киши өлтүрүү Б.Ж.нын кызганычынан улам жасалган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: