Бүгүн, 2-ноябрда Ички иштер министрлигинин жанында Сокулук жана Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнүн башчыларын жазалоо талабы менен пикет өттү.
Учурда Ички иштер министрлигинин имаратында 6 адам бар. Пикеттин катышуучуларынын бири Тимур Махмудовдун айтымында, алар эки РИИБнын тергөө органдары өз ишин аткарбай жаткандыктан чыгышкан.
«Биз эки факты үчүн чыкканбыз – жер маселеси жана уурулук. Биз бул кылмыштардан жапа чеккенбиз, бирок тергөө бул кылмыш иштерин териштирбей жатат», – деди Махмудов.
Пикетке чыккандар кечке чейин Ички иштер министрлигинде болууну пландаштырууда. Алар маалымдагандай, азырынча аларга эч ким чыга элек. Махмудов алар ушундай эле пикетти Сокулук РИИБ имаратынын жанында өткөрүшкөндүгүн кошумчалады. Ал жерде нааразы болгондор түнөшкөн.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ