Бүгүн, 2-ноябрда “Дордой” базарынын ишкерлери Өкмөт үйүнүн алдына митингге чыгышты.
Алардын айтымында, Кытайдан ташылып келген товарларынын өтүшүнө Кыргызстан жол бербей жатат.
Ишкерлер Кытай тарап менен байланышканда, алар чек ара ачык экенин айтышат, ал эми Кыргызстан товарларды өткөрбөй жатат деп нааразы болушууда.
Белгилей кетсек, буга чейин бизнес-ассоциациялар кыргыз-кытай чек арасындагы “Торугарт” өткөрүү пунктундагы товарлардын кечигип жаткандыгы боюнча көйгөйдү айтышкан.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ