Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Садыр Жапаров 2020-жылдын 2-4 ноябрында Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарына иш сапар менен барат. Бул тууралуу бүгүн, 2-ноябрда президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
Иш сапардын алкагында Президенттин милдетин аткаруучу, Премьер-министр облустардагы инфраструктуралык объектилердин курулушу менен таанышат.
Мындан тышкары Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарынан, ошондой эле Ош шаарынан эл менен жолугушат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ