Menu

УКМКнын имаратынын жанында Курсан Асановду колдоо митинги экинчи жолу өтүп жатат

Бөлүшүү:

Бүгүн, 2-ноябрда УКМКнын имаратынын жанында Ички иштер министринин экс-орун басары Курсан Асановду колдоо митинги өтүп жатат. Бул экинчи митинг, биринчи митинг 31-октябрда өттү.

Митингчилердин талабы Курсан Асановду абактан чыгаруу. Алардын айтымында, анын күнөөсү жок.

Эске салсак, Бишкек шаардык соту 29-октябрда Курсан Асановду 10-декабрга чейин УКМКнын СИЗОсунда камакта калтырган. Министрдин мурунку орун басары 9-октябрда Ала-Тоо аянтындагы башаламандыктан кийин кармалган. Андан башка дагы бир топ саясатчылар ушул иш боюнча абакта жатышат. Алардын бардыгы эки айга камакта. Ал эми Темирлан Султанбеков үй камагына чыгарылды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 26 − 20 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: