Menu

Фергана акими төрөтканадагы коррупция үчүн дарыгерлердин жумуштан бошонуусун талап кылды

Бөлүшүү:

Фергана облусунун Фурхат районунун башчысы Дилмуроджон Солиев төрөткананын дарыгерлери төрөт үчүн берилген сүйүнчү акчаны бөлүшө албай жаткан учур тартылган видео соцтармактарга тарагандан кийин дарыгерлердин жумуштан бошонушун талап кылды.

Видеодо дарыгерлердин бири, жаңы көз жарган аялдын туугандары ага кесиптештерине караганда аз акча берип койгонуна даттанган.

Ал кесиптештерине: «Алар мага 20 миң сум гана берип коюшту. Калгандарына 100-150 миң сум беришти», –деген.

Район акими бул видео соцтармактарга тарагандан кийин төрөтканага келип, коррупциянын жайылышына өзү күнөөлүү экенин билдирди.

«Мен силерди көзөмөлдөбөгөнүм үчүн ушундай болуп жатат. Кечээ уктай алган жокмун. Дагы жакшы, бул жакка бүгүн келдим. Эгер кечээ келсем, өзүмдү кармай алмак эмесмин. Эгер бул жерде кадрлар бөлүмүнүн башчысы болсо, бардык персоналдан арыз талап кылсын. Кадрлар ротациялансын. Бардык кызматкерлерге эки айлык сыноо мөөнөтү берилсин. Эгер жакшы иштей алышпаса, мен каарданган элди токтото албайм», – деген аким.

Аткаминер жарандарга кайрылып, сүйүнчү берүүнү каалагандар, мечитке барып, кайрымдуулук кутуларына салса болорун, ал акча майыптарга берилерин кошумчалаган.

Үч жыл мурун өзбек президенти Шавкат Мирзиёев эң чоң коррупция төрөтканаларда экенин айтып, паракорчулукту жоюуну талап кылган.

https://www.ozodlik.org/a/30922769.html

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: