Menu

Чүй облусунда билим берүү комплекси мамлекеттин балансына өткөрүлдү

Бөлүшүү:

Чүй облусунда Кыргыз Республикасынын балансына спонсорлор тарабынан курулган билим берүү комплекси мамлекеттин балансына өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу бүгүн, 2-ноябрда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.

2020-жылдын 31-октябрында Сокулук районунун Кызыл-Туу айыл өкмөтүндөгү Токбай айылында комплексти Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлигинин балансына өткөрүү боюнча иш-чара болуп өттү.
Белгилесек, 2018-жылы «Ас-Салам» кайрымдуулук фонду Кувейт мамлекетинин спонсорлорунун эсебинен Токбай айылында билим берүү комплексин салган. Алгач бул жерде жетим балдар окутулаары каралган. Бирок 2 жыл аралыгында ар-кыл бюрократиялык себептерден улам комплексти мамлекетке өткөрүп берүүгө мүмкүн болгон эмес.

Мындан бир канча күн мурда «Ас-Салам» фондунун директору Нурмухамед Миңбаев Президенттин милдетин аткаруучу, Премьер-министр Садыр Жапаровго аталган маселе менен кайрылып, ал аркылуу маселе ыкчам чечилген.

Премьер-министрдин Басма сөз катчысы Дастан Дюшекеев Садыр Жапаровдун атынан Нурмухамед Миңбаевге ыраазычылык билдирди.
Өз кезегинде «Ас-Салам» фондунун директору Нурмухамед Миңбаев маалымдагандай, курулушка – 2 млн АКШ доллары, анын ичинде уникалдуу жабдууга 400 миң АКШ доллары тартылган. Комплекстин курамына 250 орундук жатакана, фельдшердик-акушердик пункт, жабдылган тигүү жана эмерек цехтери менен окуу комплекси, компьютердик класс, китепкана жана от казандар кирет.  Кызыл-Туу айыл өкмөтү тарабынан аянты 1 га саналган жер тилкеси бөлүнгөн.

Жакынкы мезгилде аталган комплекс кесиптик-техникалык билим берүү мекемеси катарында пайдаланылаары болжолдонууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 69 = 73

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: