Menu

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев досу Садыр Жапаров экөөсүнө тоскоолдуктарды жараткан душмандарынын аттарын ачыктады

Бөлүшүү:

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 29-октябрда Москвадагы кыргыз эмигранттарына жолугуп, ал жерде чогулгандарга 6-октябрга караган түнү тарапташтары менен барып, түрмөдөн досу Садыр Жапаровду кантип бошотуп чыкканын, кандайча жол менен бийликке келишкенин жана бул жолдо аларга тоскоолдуктарды жараткан душмандарынынын аттарын атап берди:

«Элдин жүрөгүндө көп жылдар бою топтолуп калган муң атылып чыкты. Муну бирөө уюштурган жок. Атайын бийликти оодаралы деген күчтөр деле болгон жок. Бүгүн Садыр Нуркожоевичтин бийликке келип отурганы – бул элдин каалоосу. Садыр ушуну жасайын деп аракет кылган эмес, күч топтогон деле жок, акча жумшаган жок. Муну эл каалады.

Ошондо болгон толкундоолордо талап-тоноо болгон жок, экономика чоң зыянга учураган жок. Тилекке каршы, бир жигитибиз каза болду. Бирок бул окуя биз Садыр Нуркожоевичти алып чыкканга чейин болду. Ооба, жүздөгөн мекендештерибиз жарадар болушту. Алардын арасында силерге окшош мекенчил уул-кыздарыбыз бар. Эми аларга Алла-Таала жардам берип, сакайып баратышат. Бирөөнүн абалы оор. Ал да сакайып кетет деген ойдобуз. Бийлик аларга бардык жардам көрсөтүп жатат. Дары-дармек, турмуш-тиричилиги жагынан каралашабыз. Алар 1-2 ай иштей албай калышат, балдарын болсо багыш керек. Аларды эч ким таштап койбойт.

Ушундай чоң тополоң болуп, бийлик алмашып, Ак үйдү жаштарыбыз алган маалда деле менин бир гана максатым болду. «Ушул Садырды түрмөдөн чыгарып алсак» деген элем. Эл Ак үйдү алып жатканда, биз Ак үйгө басып барган жокпуз. Бирөөнө да «тиги же бул жакка чурка» деп айткан жокпуз. Мен балдарды топтоп Садырга эки жолу бардым. Экинчи жолу барганда аны чыгарып алганга мүмкүнчүлүк болду. Садырды чыгарып алгандан кийин деле биз Садыр экөөбүз «ушул бийликке келе калалы, бийликти ала калалы» деп ойлогон эмеспиз. Аянтта адам көп, өкмөттөн эч ким жок. Элге сүйлөп коюп, анан бир аз дем алып, башка саясий күчтөр менен жолугуп, бир чечим кабыл алабызбы деп ойлодук. Анан Садырдын үйүнө бардык. Бирок ал жерде жарым саат да отура албадык. Ар кандай маалыматтар келе баштады.

Чогулган эл кароосуз калып кетти. Башкарган эч ким жок, баары качып кетти. Баягы бийликтегилер, алардын жанында жүргөндөр, саясатчылар, байлар бала-чакасын алып, өздөрү бекинип, баарын таштап качып кетип калышты. Мамлекетте эч ким калбай калды. Айла жок, аларды чогултканга аракет кылдык.

Бизге канча нерселерди айтышты! «Барабыз, бийлик мына биз болдук, баарыңар бизге баш ийесиңер деп жарыялайбыз, анан баштайбыз» дешти. Ошондо биз «жок, биз мыйзамдуу жол менен кетебиз, бизде мыйзамдарыбыз бар, Конституциябыз бар, ушул жол менен кетебиз» деп чуркап жүрүп ошол күнү кечинде 63 депутатты чогултуп, премьер-министрди шайладык.

Туура, анча-мынча ызы-чуу болуп жаткан маалда каталар кетет экен. Процедуралык ыкмалардан кетти, дагы башкасы. Бирок эми баары оор кырдаалда болду да. Бирок, бизден башка бир дагы саясий күч ушул депутаттарды чогултуп, мыйзамдуу жол менен кетебиз деп айткан жок. Баары чогулуп алып, бир жагынан бир Координациялык кеңеш түзүп, экинчи жагынан экинчисин түзүп, «мына, биз чечим кабыл алабыз, бийлик бизде» дешти. Ошол маалда Садыр экөөбүз «жок, мыйзам жолунда аракет кылабыз» деп, «Достук» мейманканасында 63 депутатты чогултуп, 61 депутаттын колдоосу менен Садыр Нуркожоевичти премьер-министр кылып шайладык. Ошондо да артыбыздан 3-4 миң адамды салышып, ошолор келип «басып алабыз, өткөрбөйбүз» деп, ушунчалык чоң ызы-чуу менен кылдын учунда жүрүп шайладык.

Мен атайын бир жол даярдап койдум эле. Шайлагандан кийин эле ошол жол менен Садырды чатырга алып чыгып, башка имараттан чыгарып, өзүн жалгыз машина менен алып кеттик. Жанагылар кийин кирип алып бүт издешти. «Достук» мейманканасынын ар бир номурунан издеп чыгышты. «Табабыз, ушул жерден жок кылабыз» деп, ушундай аракет кылышты. Биз «бизди шайлады» деген документ деле алган жокпуз. Протокол деле албадык. Кол көтөрүп шайладык, анан таркап кеттик.

Ушундай оор күндөр болду. Бирок, мамлекетте бир чечим кабыл ала турган точканы биз кандай болгон күндө да камсыз кылдык. Премьер-министр бар. Кийин анан бардык саясий күчтөр, саясатчылар бир тарапка өтүп алышты, биз – Садыр экөөбүз эле бир тарапта калдык. Аттарын ачык атап берейин: Мадумаров, Бабанов, Текебаев, Сариев, Атамбаев… Ошондо да Садыр экөөбүз эле болдук. Ошондо да алар «чечимди биз кабыл алабыз» дешти. Анысына карабай биз депутаттарды топтоп, экинчи жолу да шайлоодон өттүк. Ошону да «бул туура эмес» деп, ага да каршы чыгышты. Бирок, туугандар, биздин эң башкы күчүбүз элде болду. Эл биз тарапта болду. Бизди канчалык жамандап, бизге канчалык каршы чыгышса да, алар чогулткан адамдар биз тарапка өтүп кетти. Ошол маалда биринчи күнү качып кеткен бийлик кайра келди. Резиденцияга отурду. Чечимдерди кабыл ала баштады», – деп жыйынтыктады Камчыбек Ташиев.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: