Menu

Орусиянын Жогорку муфтийи Мухаммеддин карикатураларын «болбогон нерсе» деп атады

Бөлүшүү:

Орусиянын Жогорку муфтийи Талгат Тажуддин

Орусиянын Жогорку муфтийи Талгат Тажуддин Мухаммед пайгамбардын карикатураларын “болбогон нерсе” деп атады. Бул тууралуу РБК агенттиги жазды.

“Болбогон бир нерсе үчүн, кимдир бирөө бир нерсени тарткандыгы үчүн согуш жарыялоо, душман катары көрүү – бул кудайга да, кудайдын жердеги өкүлдөрүнө да, динге ишенген кишилерге да жакпаган нерсе, бул бизге каршы келет”, – деди жогорку муфтий.

Ал Мухаммед пайгамбар өч алууну үгүттөбөгөнүн жана кечиримдүүлүктү баалаганын белгиледи.

Талгат Тажуддин Француз президенти Эммануэль Макрон менен аны колдогон француздарды бардык мусулмандардын душманы деп атаган Чеченстандын муфтийинин сөзүн анын жеке пикири деп атады.

16-октябрда Париждин жака-белинде тарых жана география мугалими Самюэл Пати өлтүрүлгөн. Француз бийлиги аны Абдулла аттуу 18 жаштагы чечен качкын өлтүргөнүн билдирген. Андан бир нече күн мурда мугалим сабакта сөз эркиндиги тууралуу кеп кылып, класстагы окуучуларга Charlie Hebdo журналы тарткан Мухаммед пайгамбардын карикатурасын көрсөткөн.

26-октябрда Франциянын президенти Эммануэл Макрон өлкө дүйнөбий мамлекеттин баалуулуктарын коргоону жана радикал исламга каршы күрөштү уланта бере турганын билдирген. Ал Франция сөз эркиндигинен, карикатурадан баш тартпай турганын айтып, бул окуяларды “исламчыл террорчул чабуул” деп мүнөздөгөн.

Мындан соң Түркия президенти Режеп Эрдоган Макронду расизмге айыптап, Чеченстан башчысы Рамзан Кадыров “Макрон тымызын түрдө мусулмандарды теракт жасоого чакырууда” деп айткан.

Орусия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков Кадыровдун сөзүнө комментарий берип жатып, субъектилердин башчылары тышкы саясат менен алектенбеши керек экенин белгилеген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 53 + = 56

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: