Бишкек шаарында эпидемиологиялык абал туруктуу. Бул тууралуу борбордук муниципалитеттин башчысынын милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев мэрияда өткөн жыйында билдирди.
Анын айтымында, коронавирустук инфекциянын эң жогорку чеги, алдын ала маалыматтар боюнча, 15-20-ноябрь күндөрү болушу керек.
Ал ыктыярчыларды окутуп, аларды тамак-аш жеткиргенге жана медициналык жардам көрсөткөнгө жардам берчү деп бөлүү керектигин айтты.
“Күндүзгү стационарларды, транспортту жана врачтар үчүн жатаканасын даярдоо зарыл, керек болот. Шаарда эпидемиологиялык кырдаал анчалык деле оор эмес. Эгерде биз 20-ноябрда ушундай темп менен өтсөк, анда бардыгы жакшы өттү деп айтсак болот “, – деди Балбак Түлөбаев.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ