Menu

Өмүрбек Бабанов президенттик башкаруу формасын колдойт

Бөлүшүү:

Саясатчы Өмүрбек Бабанов президенттик башкаруу формасын жактайт. Бул тууралуу ал бүгүн, 2-ноябрда “Ыңгайсыз суроолор” программасында билдирди.

“Биздин эгемендүүлүгүбүзгө 30 жыл болоюн деп калды. Биз болсо супер-президенттик мамлекетте жашап жатабыз. Документ өзүнчө, жашоо өзүн көрсөтүп жатат. Мына, азып парламенттик-президенттик конституция. Бирок, супер-президенттик бийликте жашабадыкпы. Бардыгын президент чечпедиби: кайсы партия барат, канча мандат алат, сот кандай чечим кабыл алат, кимди камаш керек, кимди тим коюш керек. Премьер-министрдин ким болорун да президент чечти. Парламент жөн эле кол көтөрүп колдоп берди. Ошол эле учурда, бүгүнкү мамлекеттик акыбалга бир эле премьер-министр жооп берди” – деп билдирди Бабанов.

Ошондой эле ал Жогорку Кеңештин депутаттары абсолюттук кол тийбестикке ээ болушу керектигин билдирди.

Өмүрбек Бабановдун айтымында, депутаттык кол тийбестикти алуу катачылык болгон.

“Өмүрбек Текебаев бул кол тийбестикти алып, өзүнө-өзү кол салды. Демек, шайлоого чейин депутаттыкка талапкерлерди текшерүү керек. Эгерде ал таза болсо, анда эл депутаты абсолюттук кол тийбестикке ээ болушу керек. Ошондо коркпой, сүйлөй баштайт”, – деп кошумчалады ал.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 30 − = 24

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: