Menu

Өмүрбек Бабанов: “9-октябрдагы митингде чагымчылдык болгон, үчүнчү күчтөр, анын ичинде Жээнбековдун адамдары да болгон”

Бөлүшүү:

9-октябрдагы митингде провокация болду. Бул тууралуу бүгүн, 2-ноябрда Өмүрбек Бабанов “Ыңгайсыз суроолор” программасынын эфиринде билдирди.

Анын айтымында, 13-октябрдагы митингден кийин Садыр Жапаров жана Камчыбек Ташиев менен, андан кийин ошол эле күнү Сооронбай Жээнбеков менен жолугушкан.

“Жапаров менен жолукканда 9-октябрдагы окуялар жана митингдеги провокация жөнүндө сурадым. Андан кийин Ташиев провокация алар тараптан эмес деп жооп берип, мындай көрүнүштөргө жол бербөө максатында кырдаалды көзөмөлдөп жатабыз деген. Ошол эле күнү мен Жээнбеков менен жолуктум, ал митингде өз кишилери бар экенин айтты”, – деди Бабанов.

Саясатчы чагымчылардын 2 планы болгон деп эсептейт

“Биздин жоон топко келип туруп ургулаганда биздеги жаш балдар аларды уруп, анан Садыр Нуркожоевичтин тарапташтары менен урушмак. Чоң чыр чыкмак, анан үчүнчү адам “мамлекетте мындай болуп атат” деп баарын тынчытып, камай турганын камап, ак болуп чыкмак. Ал ишке ашпаса буларды качырып жиберебиз деген экинчи максаты болгон”, – деди Бабанов.

Белгилей кетсек, 9-октябрда Ала-Тоо аянтында бир нече саясий күчтөрдүн митинги өткөн. Анын жүрүшүндө провокация болуп, таш ыргытып, кол салуулар болгон. 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: