Menu

Видео – Алтайда коронавирустан каза болгондордун сөөктөрү оорукананын полунда жатканы тууралуу видеотасма тарады

Бөлүшүү:

Жакында эле Россиянын социалдык тармактарында Алтай аймагындагы ооруканалардын биринин жер төлөсүндө тартылган видеотасма тарады. Видеотасмада коронавирустан каза болгон адамдардын сөөктөрү кара түстөгү баштык менен оролуп жатканы көрүнөт. 

“Бул жакта сөөктөр жатат, бардыгы ковид менен ооругандар. Ал эми статистика боюнча бизде 13 гана адам илдеттен улам каза тапкан. Бүгүн 2020-жылдын 17-октябры” – дейт видеонун автору энтигип.

Алтай аймагынын Саламаттыкты сактоо министрлиги видеонун чындыгын тастыктады. Сөөктөр Барнаулдагы №12 шаардык ооруканада жаткандыгы белгилүү болгон.

Жергиликтүү маалымат каражаттары мурда билдиргендей, өлүкканаларда орун жоктугунан, коронавирустун айынан каза болгондордун сөөктөрүн убактылуу ооруканада кармап туруу зарыл болгон.

“Сөөктү союунун кезегин азайтуу үчүн колдон келгендин бардыгын жасап жатабыз. Учурда эки нөөмөттө, ишемби жана жекшемби күндөрү да, дем алышсыз иштеп жатабыз, – деди Алтай аймагынын башкы патологоанатому Владимир Климачев Instagram баракчасында.

“Бул процессти тездетүү үчүн колдон келгендин бардыгын жасап жатабыз. Дагы бир жагдай же үчүнчү маанилүү жагдай – сөөктү сойгондон кийин туугандары ар дайым эле өлгөн тууралуу күбөлүгүн же маркумдун сөөгүн ала алышпайт, кээ бирлери башка аймактарда жайгашкандыктан убакыт керек болуп калат” – деп кошумчалады ал.

Акыркы маалыматтар боюнча, Алтай аймагында 17 103 адам коронавирус оорусун жуктуруп алышкан. 14 553 тургун айыгып, 1017 киши  каза болгон.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 50 − 49 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: