Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмү тарабынан тиешелүү кызмат өкүлдөрү менен биргеликте “Эмгек-өспүрүм” аталышындагы рейд өткөрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 22-октябрда Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, рейддин алкагында өспүрүмдөрдүн оор жумушка тартылуусу текшерүүгө алынып, 10 жашы жете электер иштеп жатышкандыгы аныкталган.
Алардын ата-энелери жана жакындары чакыртылып, тиешелүү жумуштар алып барылып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.
Ошондой эле, Жалал-Абад ШИИБдин жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери ата энелерди балдарын оор жумушка иштетпөөгө чакырып, аларды өз камкордугуна алууга үндөшкөн.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ