Menu

“Клооптун” журналисттери Юстиция министрлигин сотко берди

Бөлүшүү:

“Клооп” басылмасы Бишкектин Административдик сотуна Юстиция министрлигине каршы доо арыз менен кайрылды. Бул тууралуу журналисттерге аталган басылманын башкы редактору Анна Капушенко билдирди.

Анын айтымы боюнча, ушул жылдын башынан бери Юстиция министрлиги аларга компаниялардын уставдык документтерин берүүнү токтоткон.

“Алар иликтөө үчүн журналисттерге керек. Алар аркылуу белгилүү бир адамдардын кандайдыр бир бизнеске катыштыгы бар же жокутугун биле алабыз. Мурда бул документтерди алса болот эле, эми Юстиция министрлиги анда жеке маалыматтарды камтылат, аны корреспонденттерге өткөрүп берүүгө болбойт деп жатышат. Биз жеке маалыматтарсыз эле документтерди берүүсүн суранганбыз да. Соттор так ушундай кылышат да” – дейт башкы редактор.

Капушенко басылма өкмөткө арыз жазганын, бирок министрлер кабинети алардын кайрылуусун Юстиция министрлигине кайра жөнөткөнүн, андан кийин департамент ички буйрук менен акыры мыйзамдык документтерди өткөрүүгө тыюу салгандыгын белгиледи.

“Клооптун” журналисттери маалыматты чектөөнү мыйзамсыз жана жеке адамдарды гана коргоо максатын көздөлөт деп эсептейт, ошондуктан биз ведомствого каршы доо арыз менен кайрылдык” – деп кошумчалады ал.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 77 − = 67

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: