Menu

Пашинян: Карабактагы жаңжал дипломатиялык жол менен чечилбейт

Бөлүшүү:

Никол Пашинян.

Тоолуу Карабактагы жаңжалды дипломатиялык жол менен чечүү жолдору жок. Бул тууралуу Армения премьер-министри Никол Пашинян билдирди.

Ал “Фейсбук” баракчасындагы түз эфир учурунда: “Биздин мындан аркы кадамыбыз – бул элибиздин укугу үчүн акырынча чейин күрөшүү”, – деп айтты. Пашинян мэрлерди ыктыярчы кошуундарды түзүүгө, калкты “колго курал алууга” чакырды.

Азербайжан президентинин жардамчысы Хикмет Гажиев Ереван жаңжалды тынч жол менен жөнгө салууну каалабайт деп эсептейт.

Күн мурун Армениянын президенти Армен Саркисян Тоолуу Карабактагы акыркы абал боюнча Европа Биримдигинин жана НАТОнун жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүш үчүн Брюсселге келген. Ошол эле учурда Азербайжан менен Армениянын тышкы иштер министрлери Орусиянын борбору Москвага жөнөгөн.

Баку менен Ереван Тоолуу Карабак аймагы үчүн 1980-жылдын аягынан бери касташып келет. Армения колдогон жикчилдер 1990-жылдардын башында Азербайжандын негизинен армян улутундагылар байырлаган бул аймагын ээлеп алган.

Быйыл 27-сентябрда Тоолуу Карабакта куралдуу чатак кескин курчуп кеткен. Эскалация үчүн Баку менен Ереван бири-бирин күнөөлөп жатышат. Эки тараптан тең курман болгондор, анын ичинде карапайым жашоочулар арасында жоготуулар бар.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 8

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: