Бүгүн, 22-октябрда өлкөдө коронавирус жана пневмония илдетинин жаңы 547 учуру катталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.
Жаңы учурлар: Бишкек шаарынан – 123, Ош шаарынан – 52, Чүй облусунан – 76, Ош облусунан – 85, Талас облусунан – 15, Нарын облусунан – 4, Ысык-Көл облусунан – 23, Жалал-Абад облусунан – 79, Баткен облусунан – 90 катталган. Муну менен жалпысынан 54006 адам ооруга чалдыккан.
Өткөн сутка ичинде 282 адам оорудан айыгып ооруканадан чыгарылган. Алардын жалпы саны 46 726га жетти.
Оорудан айыккандар: Бишкек – 41, Ош шаары – 29, Чүй облусу – 26, Ош облусу – 72, Талас облусу – 13, Нарын облусу – 2, Ысык-Көл облусу – 18, Жалал-Абад облусу – 58, Баткен облусу – 23
Акыркы бир сутка ичинде коронавирус инфекциясынан (пневмонияны эске алганда) 4 адам каза болду. Баткен облусу – 1, Бишкек – 2, Ош облусу – 1. Алардын жалпы саны 1122ге жетти.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ