Бүгүн, 22-октябрда “Манас” аэропортунун жанында митинг өтүп жатат. Бул тууралуу журналисттерге укук коргоо органдарынан билдиришти.
Жалпысынан митингге аэропорттун 20га жакын кызматкери катышып жатканы такталды. Алар компаниянын президенттигине Бактыбек Сыдыковдун талапкерлигин алып салууну талап кылышты.
Митингчилердин бири Бактыбек Сыдыков буга чейин аэропортто иштегенин айтты. Жана алар кайрадан башчылыкка анын келишин каалабайт.
Эскерте кетсек, “Манас эл аралык аэропорту” ААКнын мурдагы президенти Мурат Примбердиев өз каалоосу менен ээлеген кызматынан кеткен. Анын ордуна Бактыбек Сыдыков дайындалды.
Бактыбек Сыдыков “Республика-Ата Журт” партиясынан Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышынын депутаты. Буга чейин ал “Манас эл аралык аэропортун” башкарган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ