Бүгүн, 22-октябрда Бишкекте мыйзамдагы ууру Камчы Көлбаев кармалды. Бул тууралуу маалыматты журналисттерге УКМК тастыктады.
Маалыматка ылайык, кримавторитет спорттук клубдардын биринен кармалганы такталды.
УКМКнын басма сөз борбору тиешелүү иштер жүрүп жаткандыгын билдирди. Кармоонун чоо-жайы жана кайсы кылмыш иши боюнча кармалгандыгы тууралуу маалыматты департамент кийинчерээк берет.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ