Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери Эканомикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын кызматкерлери менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам иш чаранын жыйынтыгында “Ак-Тилек” өткөрмө пунктундагы авто унаа токтотуучу жайдан “Мерседес Бенц Спритер” үлгүсүндөгү үч транспорт каражатынан Россия Федерациясынын акциздик маркасы менен 1976000 штук “Прима Дона” жана “Беламорканал” маркасындагы тамекилер табылган. Бул тууралуу бүгүн, 22-октябрда КР Бажы кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Өндүрүүчүнүн берген корутундусуна ылайык кармалган тамекилер контрафактык жана алардын акциздик маркалары жасалма болгон. Өндүрүүчүгө келтирилген зыяндын көлөмү 4 770 500 орус рублин түзөт.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, материалдар тергөөгө караштуулугу боюнча өткөрүлүп берилди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ