Menu

ИИМдин КМКнын ыкчам кызматкерлери үйлөрдөн мүлктөрдү уурдап, тоноп жүргөн кылмыштуу топтун мүчөлөрүн кармашты

Бөлүшүү:

ИИМдин КМКнын ыкчам кызматкерлери үйлөрдөн мүлктөрдү уурдап, тоноп жүргөн кылмыштуу топтун мүчөлөрүн кармашты. Бул тууралуу бүгүн, 22-октябрда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери Свердлов РИИБдин КМКнын ыкчам кызматкерлери менен биргеликте үйлөрдөн мүлктөрдү уурдап, тоноо жана уурулук менен алектенген кылмыштуу топтун мүчөлөрүн кармашкан.

Кылмышкерлер Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын аймагында кылмыш жасап, үйлөрдөн мүлктөрдү уурдап жүрүшкөн.

КРнын ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын мүлктүк кылмыштар менен күрөшүүнү уюштуруу боюнча бөлүмдүн маалыматы боюнча жай мезгилинде кылмышкерлер 11 уурулукту жана 8 тоноону жасашкан.

Үйлөрдөн мүлктөрдү гана эмес, малдарды дагы уурдап кетишкен.

Шектүүлөр Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун жашоочулары болуп, эч жерде иштебегендиги жана алар мурда кылмыш жоопкерчилигине тартылгандыгы маалым болгон.

21 жаштагы шаар тургуну бир жыл мурда эркиндигинен ажыратуу мекемесинен бошогон, бирок ага карабастан кайра бир катар кылмыш иштерин жасаганга үлгүргөн. Бул уурулардын тобуна Чүй облусунун 23 жаштагы жашоочусу дагы кирип, ал дагы мурда кылмыш жасагандыгы үчүн соттолгон. Алар уурулукту түнкү маалда жасашып, акча каражатын, алтын жасалгаларын, тиричилик буюмдарын жана башка оокаттарды уурдап жүрүшкөн.

Ушул жылдын 27-июнь күнү кылмыштуу топтун катышуучулары шаар тургунунун үйүнө түн ичиндө кирип, 16 миң сом акча каражатын уурдап кетишкен. Жабырлануучулар милицияга кайрылып, аталган факты КЖБРге КР Жазык кодексинин 200-беренесинин (Уурдоо) негизинде сотко чейинки өндүрүш башталган.

Андан сырткары, жогоруда көрсөтүлгөн жарандар тоноо менен дагы алектенип жүрүшкөн.

ИИМдин КМКнын маалыматы боюнча эки аялга кол салышып, акча каражаты жана телефону салынган сумкаларын тартып алышкан.

Ушул жылдын сентябрь айында ИИМдин КМКнын 2-башкармалыгынын кызматкерлери Свердлов РИИБдеги кесиптештери менен биргеликте ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүшүп, шектүүлөрдүн бири шаарда жашап жүргөн 1999-жылы туулган С.О. аттуу жаранды кармашкан.

Жаран С.О. мурда каракчылык менен соттолгон. Ошондой эле, мурда бир нече жолу соттолгон экинчи шектүүнүн жүргөн жери аныкталган. Ал башка дагы кылмыш ишин жасагандыгы үчүн камакта экендиги маалым болгон.

Азыркы учурда бул кылмыштуу топтун башка дагы кылмыш иштерине тиешеси бардыгы текшерилип жатат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + = 12

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: