Menu

УКМК: Кримавторитет Камчы Көлбаев кылмыштуу уюм түзгөн деп шектелүүдө

Бөлүшүү:

Кримавторитет Камчы Көлбаев кылмыштуу топту уюштурган деп шектелип кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 22-октябрда УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Алардын айтымы боюнча, УКМК тарабынан уюшкан кылмыштуу топтордун ишин аныктоо жана ага бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин жүрүшүндө мыйзамдагы ууру деп аталган Камчыбек Асанбекке (Камчыбек Көлбаев) байланыштуу маалыматтар алынган.

“Бул материалдар КЖБРге КР Кылмыш-жаза кодексинин 249-беренесинин 1-бөлүгү (Кылмыштуу топту түзүү же ага катышуу) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш башталды” – деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, Көлбаевдин жүргөн жери бүгүн аныкталган, ал кармалып, анын катышуусунда тергөө иш-аракеттерин жүргүзүү үчүн Башкы тергөө башкармалыгына жеткирилди.



Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: