Menu

“Бүтүн Кыргызстан” партиясы кайра кайталап шайлоого катышуу тууралуу БШКга билдирүү тапшырды

Бөлүшүү:

Дагы бир партия Жогорку Кеңешке кайталап шайлоого катышуу жөнүндө билдирүү жазды. Бул тууралуу БШКнын юридикалык бөлүмү журналисттерге билдирди.

Маалыматка ылайык, “Бүтүн Кыргызстан” партиясы кайрадан шайлоодо ат салышат. Буга чейин “Кыргызстан жашылдар” партиясы мандаттар үчүн күрөшүүнү көздөп жатканы белгилүү болгон. Арыздарды кабыл алуу улантылууда. Билдирүүлөрдү алуу мөөнөтү 25-октябрда аяктайт.

Эске салсак, 6-октябрда БШК Бишкекте башаламандыктардан кийин шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп табууга аргасыз болгон. Элдин кыжырдануусунан улам, өлкөдө бийлик алмашты. Президент Сооронбай Жээнбеков кызматтан кетти. Мамлекет башчысынын милдетин убактылуу аткаруу кызматы премьер-министр Садыр Жапаровго өттү.

Буга чейин шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңешке кайталап шайлоонун күнүн жарыялады. Ал 2020-жылдын 20-декабрында өтөт. Добуш берүү жаңы эрежелер боюнча жүргүзүлөт.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 45 = 49

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: