Menu

Абдырахман Маматалиев Мамлекеттик кадр кызматынын директору болуп дайындалды

Бөлүшүү:

Бүгүн, 27-октябрда Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын атайын комиссиясы экс-президент Алмазбек Атамбаевди 47-колонияга которуу боюнча чечим кабыл алды. Бул тууралуу журналисттерге адвокат Замир Жоошев билдирди.

Анын айтымында, бул тууралуу маалымат ага СИЗО-1дин администрациясынан келген.

“Буга байланыштуу Алмазбек Атамбаев бүгүн 47-колонияга жеткирилет”, – деди адвокат.

Эске сала кетсек, 7-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы хан сарайында аны кармоо операциясы УКМКнын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлүп, ишке ашпай калган. Эртеси, 8-августта Атамбаев өзү колго түшүп берип, УКМКга жеткирилген. Атамбаев үч кылмыш ишине: Кой-Таштагы окуялар, Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу, ошондой эле мыйзамсыз баюу иши боюнча тиешеси бар. 5-октябрдан 6-октябрга караган түнү ал УКМКнын абагынан бошотулуп, бирок 10-октябрда кайрадан кармалып камалган. 

Жогорку Сот 21-октябрда Атамбаевдин Батукаевдин ишине байланыштуу өкүмүн карашы керек болчу, бирок сот отурумун 16-ноябрга жылдырды.

26-октябрда экс-президент Алмазбек Атамбаев Бишкек шаарындагы СИЗО-1ге УКМКнын СИЗОсунан которулган. Ал ачкачылык жарыялаган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 74 − 71 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: