Menu

Зарылбек Рысалиев Жанар Акаевди “Текебаевдин үрөөнөк иттерисиңер” деп зекиди

Бөлүшүү:
Кечээ, 21-октябрда ЖКнын жыйынында депутат Өмүрбек Текебаев президенттин ыйгарым укуктарын күчөсө Кыргызстан Түркмөнстага айланат деп билдирген.
Ага депутат Зарылбек Рысалиев жооп берип, “кыргыздарды эч кимге теңебеңиз” деди.
“Өмүрбек Чиркешович, ар бир депутатты кыйшайганын эле билем деп айтты. Сиз өзүңүздү билесизби, өзүңүздүн портретиңизди бир карап көрдүңүз беле? Бизди түркмөндөргө теңеп коркутуп жатасыз, биз коркуу системасынан өтүп кеткенбиз, коркуу сезим жок бизде” – деди Рысалиев.
“Урматтуу Садыр Нургожоевич, сиздин кичи мекениңиз Ысык-Көл. Ысык-Көлдө кыргыздын түбүн түптөп кеткен адам болгон. Ал кыргыздын макалында бар: “Басмайылдын жакшысын ээси билбей ат билет, эр жигиттин мыктысын эл билбей жат билет” деп. Жусуп Абдрахманов жөнүндө айткым келет. Сиз, Жусуп Абдрахмановдой мыкты жигит болуңуз. Сиз алга кете бериңиз. Биз Түркмөнстанга теңелбейбиз, түркмөн болбойбуз, казак өзбек да болбойбуз, биз кыргызбыз” – деп билдирди депутат.
Буга Текебаевдин жанында отурган депутат Жанар Акаев “Атаңызды  алмаштырдыңызбы?” Сиз Сооронбай Жээнбековду да ушинтип мактап Манаска теңегенсиз” – деди.
Зарылбек Рысалиев Жанар Акаевге ” Текебаевдин үрөөнөк итисиңер” деп зекиди. Микрофон өчүк болгондуктан, башка айткан сөздөрү угулган эмес.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 56 − = 46

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: