Menu

БУУнун Коопсуздук кеңеши бозгундагы тажик полковнигине киргизген санкция мөөнөтүн узартты

Бөлүшүү:

Гулмурод Халимов. Архив сүрөт

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Коопсуздук кеңеши Тажикстан Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Өзгөчө даярдыктагы мобилдүү бөлүгүнүн мурдагы командири, «Ислам мамлекети» (ИМ) террордук тобунун аскердик жетекчиси Гулмурод Халимовго карата киргизилген санкциялардын мөөнөтүн узартты.

БУУнун Коопсуздук кеңеши ИМдин жана «Аль-Каиданын» курамына кирген адамдарга, топторго, ишканаларга жана уюмдарга каршы даректүү санкцияларды 2015-жылы киргизген. Ага ылайык, БУУга мүчө өлкөлөр санкциялык тизмедеги адамдар менен уюмдарга курал-жарак сатуудан баш тартып, алардын активдерин камакка алуусу керек.

Быйыл августта Тажикстандын ички иштер министри Рамазон Рахимзода полковник Гулмурод Халимовдун Сириядагы бомбалоодо каза болгону тууралуу маалымат бар экенин айтып, бирок анын өлүмүн расмий ырастаган эмес.

«Биз камактагы жоочулардан жана башка булактардан алган маалыматтарга ылайык, Халимов менен анын үй-бүлө мүчөлөрү Сириядагы операциялардын биринде каза болушкан. Бирок биз анын сөөгүн өз көзүбүз менен көрүп, тек-жайы аныкталмайынча, Гулмурод Халимовдун өлүмүн расмий ырастай албайбыз», — деген министр.

БУУнун Коопсуздук кеңешинин 21-октябрда жарыяланган жаңыланган санкциялык тизмесинде Халимовдун да аты-жөнү бар. Анда анын акыркы жашаган жери Сирия деп көрсөтүлгөн. Адатта уюм каза болгон адамдарды бул тизмеден чыгарып турат.

Гулмурод Халимов – бул тизмеге киргизилген Тажикстандын жалгыз жараны. Бүгүнкү күнгө чейин анын өлүмүн бир да өлкө расмий ырастай элек.

Халимов дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө тыюу салынган «Ислам мамлекети» (ИМ) тобунун катарына 2015-жылы апрелде кошулуп, 2016-жылы бул уюмдун аскер башчысы болуп дайындалган.

Мекенинде ага каршы «Мамлекетке чыккынчылык кылуу», «Кылмыштуу топтун мүчөсү болуу» жана «Башка өлкөдөгү куралдуу жаңжалдарга мыйзамсыз катышуу» беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, ага эл аралык издөө жарыяланган. 2015-жылы сентябрда Гулмурод Халимов башка 35 адам менен бирге ИМ тобуна байланышы бар террорчулардын тизмесине кошулган. 2016-жылы АКШ бийлиги Халимовдун жүргөн жери тууралуу маалымат үчүн 3 миллион доллар убадалаган.

2017-жылы апрелде Лондондогу The Times гезити Халимов Ирактын Мосул шаарындагы авиасоккулардан мерт болгонун жазган. 2017-жылы сентябрда Орусиянын Коргоо министрлиги Халимов Сириянын Дейр-эз-Зор шаарында өлтүрүлгөнүн кабарлаган. Анда Тажикстандын расмий бийлиги бул маалыматтырда ырастаган эмес. Халимов дале болсо Интерпол аркылуу эл аралык издөөдө.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 6 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: