Menu

Феликс Кулов: “Камчы Көлбаевдин кайсы берене боюнча кармалганына көңүл бургула. Ал боюнча камабай коюу да болот”

Бөлүшүү:

Экс-премьер-министр Феликс Кулов кримтөбөл Камчы Көлбаев кайсы берененин негизинде кармалганына өзгөчө көңүл буруу керектигин айтты. Мындай пикирин ал журналисттеге билдирди.

Анын айтымында, ал берене боюнча шектүүнү камабай койсо да болот. Себеби ал жерде маанилүү бир эскертүү бар.

Ал Жазык кодексинин 249-беренесинде төмөндөгүдөй айтылат:

Оор же өзгөчө оор кылмыштарды жасоо үчүн кылмыштуу уюмду түзүү, ошого тете мындай уюмду же ага кирген түзүмдүк бөлүмдөрдү жетектөө, ошого тете оор же өзгөчө оор кылмыштарды жасоо үчүн пландарды жана шарттарды иштеп чыгуу максатында уюшкан топтордун уюштуруучуларынын, жетекчилеринин же өкүлдөрүнүн бирикмесин түзүү, – V категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

  1. Кылмыштуу уюмга катышуу, – IV категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

Эскертүү. Уюшкан топко катышууну ыктыярдуу токтоткон жана мамлекеттик бийликтин тиешелүү органдарына мындай топту түзүүдө, аны жетектөөдө же ага катышууда, же болбосо ага кирген түзүмдөрү жетектөөдө же ага катышууда, ошондой эле уюшулган топтордун уюштуруучуларын, жетекчилерин же башка өкүлдөрүн бирикмелерин түзүүдө адамдардын бетин ачкан маалыматтарды кабарлаган адам уюшкан топко катышкандыгы үчүн жазык жоопкерчилигинен бошотулат.

“Бул боюнча күнөөнү далилдөө үчүн, бул уюмду түзгөн, аны жетектеген адамга каршы көрсөтмөлөр болушу керек. Мүмкүн ыкчам маалыматтар бар, бирок эң көрсөтмө керек, аларды табуу эң кыйын нерсе. Бул жерде тергөөчүлөр жакшы иштеши керек”, – деди ал.

Кулов эгерде адам ушул берене боюнча күнөөсүн мойнуна алса, анда оңдоолор иштебей турганын кошумчалады.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 96 − = 86

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: