Menu

Бишкек ШИИББдин КМКнын ыкчам кызматкерлери издөөдө жүргөн шектүү жарандарды кармашты

Бөлүшүү:

Бишкек ШИИББдин КМКнын ыкчам кызматкерлери издөөдө жүргөн шектүү жарандарды кармашты. Бул тууралуу бүгүн, 22-октябрда Бишкек ш.ИИББнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук Ички иштер башкармалыгы тарабынан 2013-жылдан бери КР Кылмыш-жаза кодексинин (эски редакция) 129-беренесинде (зордуктоо) көрсөтүлгөн кылмышты жасагандыгы үчүн 1991-жылы туулган И.Б аттуу жаран изделип жаткан.

Бишкек ШИИББдин Криминалдык милиция кызматынын ыкчам кызматкерлери издөө жана ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүргүзүүнүн жүрүшүндө, жогорудагы кылмышка шектүү жаран өзүнүн аты-жөнүн Ж.Б.га өзгөртүп, андан кийин ал борбор калаада жашырынып жүрө бергендигин аныкташкан.

Ыкчам маалыматты ишке ашырунун негизинде криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери И.Б. аттуу шектүүнү кармашып, Биринчи май районунун ИИБнын Тергөө кызматына жеткиришкен соң, КР ЖПКнын 98-беренесине ылайык, Бишкек ш.ИИББнын Убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Мындан тышкары, Бишкек шаарынын Октябрь райондук Ички иштер башкармалыгы тарабынан 1991-жылы туулган Ж.С. аттуу шектүү Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 167-беренеси (каракчылык) менен 104-беренесинде (эски редакция “денеге атайлап оор залал келтирүү, натыйжада жабырлануучунун өлүмүнө алып келген”) көрсөтүлгөн кылмыштарды жасагандыгы үчүн 2009-жылдан бери издөөдө болгон.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында Бишкек ш.ИИББнын ыкчам кызматкерлери кылмышка шектүү жаран өзүнүн аты-жөнүн өзгөрткөнүн, андан кийин ал Бишкек шаарынын аймагында изин жашырып жүргөндүгүн аныкташкан.

Ыкчам маалыматты жүргүзүү учурунда криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү Ж.С. кармалып, Октябрь районунун ИИБнын Тергөө кызматына жеткирилип, КР ЖПКнын 98-беренесине ылайык, Бишкек ш.ИИББнын Убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 29 = 30

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: