ИИМдин Ички коопсуздуктун аскер кызматынын колбашчысы Исламбек Кенжекулов дарыланууда жүргөн аскер кызматкерлери менен жолукту. Бул тууралуу бүгүн, 22 – октябрда ИИМдин ИКАКтын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, бүгүн, 22-октябрь күнү КР ИИМдин Ички коопсуздуктун аскер кызматынын колбашчысы полковник Исламбек Кенжекулов өзүнүн орун басарлары менен биргеликте 2020-жылдын 5-6-октябрь күндөрү Бишкек шаарында болгон массалык баш аламандык учурунда жаракат алып ИИМдин ИКАКтын дарылануу-алдын алуу борборунда дарыланууда жүргөн аскер кызматкерлери менен жолугушкан.
Колбашчы Исламбек Кенжекулов аскер кызматкерлери менен баарлашып, тез арада сакайып кетүүлөрүн каалаган. Андан сырткары, КР ИИМдин Ички коопсуздуктун аскер кызматынын колбашчылыгы аскер кызматкерлеринин толук кандуу сакайып кетүүлөрүнө жана катарга кайтып келүүлөрүнө тилектеш экендигин билдирип, ал үчүн болгон күчүн жумшаарын баса белгилеген.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ