Шайлоону жылдыруу жөнүндө конституциялык мыйзам долбоорунун авторлорунун бири Акылбек Жапаров президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаровдун кеңешчи болду. Бул тууралуу бүгүн, 22-октябрда “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында ЖКнын жыйынында белгилүү болду.
Жыйында төраганын орун басары Мирлан Бакиров Акылбек Жапаровду премьер-министрдин кеңешчиси болуп дайындалышы менен куттуктады.
Жапаров дароо ал коомдук башталышта кеңешчи боло тургандыгын, башкача айтканда, эмгек акы албай тургандыгын тактады.
Бакиров Жапаров буга чейин Абылгазиевдин кеңешчиси болгонун белгиледи.
“Эгерде Мухаммедкалый Абылгазиев менин кеңешимди укса, анда ал ишин уланта бермек”, – деп жооп кайтарды Жапаров.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ