Америка Кошмо Штаттары (АКШ) Кыргызстандын мамлекеттик органдарынын уюшкан кылмыш чөйрөсүнүн анабашы Камчыбек Көлбаевди кармоо аракетин кубаттайт. Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилиги «Твиттерде» маалымдады.
«Көлбаевдин кылмыштуу тармагы – бир нече евразиялык кылмыштуу топтордун лидерлеринен жана мүчөлөрүнөн турган «Brothers’ Circle» эл аралык кылмыштуу уюмунун бөлүгү. Көлбаев АКШнын Чет элдик активдерди көзөмөлдөө боюнча департаментинин (OFAC) № 13581 Аткаруучу буйругунун негизинде 2012-жылдын февраль айында «Brothers’ Circle» үчүн же анын атынан иш алып барат деп таанылган», деп жазылган билдирүүдө.
Америка Кошмо Штаттары уюшулган кылмыштын дөө-шаасы Камчыбек Көлбаевдин кармалышына алып келген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын аракеттерин кубаттайт. pic.twitter.com/OXB4MKZ7qm
— U.S. Embassy Bishkek (@USEmbassyKG) October 22, 2020
«Мыйзамдагы ууру» атыккан Камчыбек Көлбаев (Камчыбек Асанбек) уюшкан кылмыштуу топторду аныктоо жана аларга бөгөт коюу ишинин алкагында 22-октябрда кармалды.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) тараткан маалыматка караганда, ал боюнча материалдар Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 249-беренесинин биринчи бөлүгүнүн («Кылмыштуу топ түзүү жана ага катышуу») негизинде каттоого алынды.
46 жаштагы Көлбаев 2012-жылдын декабрында «кылмыштуу топ түзгөн, курал жана баңгизат сактаган, бийлик өкүлүнө күч колдонгон, адам уурдаган» деп айыпталып, камалган. Бишкек шаардык сотунун чечими менен үч жылга соттолуп, жаза мөөнөтүн Бишкектеги №47 абакта өтөп, 2014-жылы 8-июнда бошонгон.
АКШ 2012-жылы Көлбаевди дүйнөдөгү эң ири наркобарондордун тизмесине кошкон.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ