Бишкекте 10 жаштагы бала көп кабаттуу үйдүн терезесинен секирип кетти. Бул тууралуу Октябрь райондук ички иштер башкармалыгы журналисттерге билдирди.
Маалыматка ылайык, бала өз жанын кыйганы такталды. Ал Малдыбаев көчөсүндө жайгашкан үйдүн 17-кабатындагы батирдин терезесинен секирип кетти.
“Окуя болгон жерден милиция кызматкерлери 10 жаштагы Д.Д.нын жансыз денесин табышкан. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Сотко чейинки процесстин алкагында тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп, бардык керектүү экспертизалар дайындалды”, – деп билдиришти РИИБден.
Алдын ала маалыматтар боюнча, суицидге алыс аралыкта окуу көйгөйлөрү себеп болгон.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ