Menu

В МВД Беларуси заявили, что “протесты перерастают в террористические угрозы”

Бөлүшүү:

Беларус Ички иштер министрлигинин (ИИМ) расмий өкүлү Ольга Чемоданова өлкөдөгү «нааразылыктар террордук коркутууларга айланып жатканын» билдирди.

Чемоданова Телеграм-каналындагы билдирүүсүндө буга Жодино жана Солигорск шаарларындагы мамлекеттик имараттарга өрт коюу аракеттери мисал экенин айтты.

«Кечээки тематикалык нааразылыктар террордук коркутууларга айланганы көрүнүп турат. Укук коргоо органдарынын кызматкерлери мындай бир да учурду көз жаздымда калтырбай, кылмыштын бетин ачуу үчүн бардык чараларды көрөт», — деди ИИМдин расмий өкүлү.

Күн мурун Жодино шаарында жергиликтүү прокуратуранын каалгасын өрттөгөн 31 жаштагы тургун кармалган. ИИМ жарыялаган видеодо ал 8-октябрга караган түнү «имараттын кире беришинде бензин куюлган бөтөлкөнү күйгүзгөнүн» айткан.

«Бул жаман ишке радикалдашууга чакырып жаткан телеграм-каналдарды окуп алып бардым. Ойлонбой кылдым, өтө өкүнүп жатам. Адамдарга мындай кылбагыла, жакындарыңар жөнүндө ойлонгула деп айтат элем», — деди ал.

Полициянын маалыматына караганда, 21-октябрда Солигорск шаарында райондук прокуратура имаратынын алдында токтоп турган төрт автоунаа өрттөлгөн. Өлкөнүн Тергөө комитети бул факты боюнча кылмыш ишин козгоду.

«Бул окуяга чейин белгисиз адамдар Соттук экспертизалардын Солигорсктогу бөлүмүнүн имаратына өрт коюшкан. Жыйынтыгында имараттын бир бөлмөсү зыянга учураган», — деп жазылган полициянын билдирүүсүндө.

Беларуста 9-августта өткөн президенттик шайлоодо алтынчы жолу Александр Лукашенко жеңишке жеткени жарыялангандан бери нааразылык акциялар уланууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 7 = 16

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: