Депутат Марлен Маматалиев кесиптештерине Ак үйдөгү өздөрүнүн иш бөлмөлөрүн өз эсебинен оңдоону сунуштады. Мындай сунушун ал бүгүн, 23-октябрда Facebook социалдык тармагындагы баракчасына жазды.
Анын айтымы боюнча, депутаттардн 90%ы иш кабинеттерин оңдоп-түзөө иштерин өз эсебинен жүргүзгөнгө кудурети жетиштет.
“Ар бир депутатка өзүнүн кабинетинин оңдоп-түзөө иштерин өз эсебинен жүргүзүүнү сунуштайм, келгиле компьютерлерди жана ишке керектүү буюмдарды өз эсебибизден алалы.
Ошондо мамлекет тарабынан бөлүнүп жаткан 450 млн сомду азыркы учурдун биринчи кезекте турган курч маселеси – тышкы карызды төлөөгө багыттай алабыз” – деди Маматалиев.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ