Menu

Жалал-Абад облусунун аймагында коомдук-саясий абал туруктуу жана укук коргоо органдарынын көзөмөлүндө

Бөлүшүү:

Өлкөдө түзүлгөн кырдаалга байланыштуу, учурда Жалал-Абад облустук ички иштер органдарынын кызматкерлери башка укук коргоо органдары менен биргеликте кылмыштардын жана ар кандай укук бузуулардын алдын алуу, болтурбоо жана катталган кылмыштардын бетин ачуу боюнча күнүмдүк тартипте тиешелүү жумуштарды аткарып жатышат. Бул тууралуу бүгүн, 26-октябрда Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, өткөн сутка ичинде облус боюнча 2020-жылдын 26-октябрына карата Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине жалпы 20 кылмыш окуялар жана жоруктар каттоого алынган.

Кылмыштарды жана жоруктарды тыкыр иликтөө үчүн тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Ошондой эле, облустук милиция кызматкерлери жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, ыктыярдуу элдик кошуундар менен биргеликте коомдук тартипти камсыздоо боюнча алдын алуу иш-чараларын жүргүзүшүүдө.

Учурда облус аймагында коомдук саясий абал туруктуу жана укук коргоо органдарынын көзөмөлүндө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 41 + = 46

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: