Menu

Каныбек Иманалиев: “Жогорку Кеңештин бул чакырылышынын конституциялык реформа жасоо үчүн моралдык укугу жок”

Бөлүшүү:

Учурдагы Жогорку Кеңештин чакырылышынын конституциялык реформа жасоо үчүн убактысы да, моралдык укугу дагы жок. Конституциялык реформаны Жогорку Кеңештин кийинки чакырылышы жасашы керек. Мындай пикирин депутат Каныбек Иманалиев Facebook социалдык тармагындагы баракчасы аркылуу билдирди.

Депутат ЖКнын депутаттарын шайлоо 2021-жылдын июнь айына жылдырылышына каршы экенин белгиледи.

“Биринчиден, Жогорку Кеңеш пропорциялуу система боюнча 5 жылдык гана мөөнөткө шайлана турганы Конституциянын 70-беренесинде так жазылган.

Экинчиден, БШК тарабынан шайлоо күнү жарыяланган. Мыйзам өткөн мезгилге карата колдонулбайт.

Үчүнчүдөн, Жогорку Кеңештин бул чакырылышынын конституциялык реформа жасоо үчүн моралдык укугу да, убакыт да жок. Конституциялык реформаны Жогорку Кеңештин кийинки чакырылышы жасашы керек” – деп жазган депутат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: