Menu

Соодагерлер өкмөттү тыштан товар алып кирүүдөгү көйгөйлөрдү тез арада чечүүгө чакырууда

Бөлүшүү:

Коронавирус пандемиясы башталгандан бери ишкерлер жана жүк ташуучулар өз товарларын ала албай жатышат. Үч сезондо соода болгон жок, төртүнчүсү да үзгүлтүккө учуроо коркунучунда турат.

Бул тууралуу Базарлар ассоциациясынын президенти Дамира Дөлөталиева экономика министри менен ишкерлердин жолугушуусу учурунда билдирди.

«Кытай менен чек ара жабылган соң ишкерлер беш айдан бери товарларын ала албай жатышат. Күн сайын кырдаал курчуп баратат, көбүнүн насыясы бар, ишкерлер, жүк ташуучулар жана соодагерлер өтө оор абалда. Биз чек арада жүк өткөрүү мүмкүнчүлүгүн көбөйтүп, товарларды алууга жардам берүүнү сурайбыз», – деди ал.

Экономика министри Санжар Муканбетов айыл чарба жана азык-түлүк товарларын өткөрүү алгоритмин кытай тарап менен кайра карап чыгып, бул маселенин тезирээк чечилишине кызыктар экенин билдирди.

Кыргызстанда 2020-жылдын январь-август айларында тышкы соода жүгүртүү 3,5 млрд долларды түздү. Өткөн жылдын 9 айына салыштырмалуу бул 22,1% төмөн. Импорт 31,6% түшүп, экспорт 3,5% көбөйдү.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 58 + = 68

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: