Menu

Вице-премьер Равшан Сабиров менен кримтөбөл Камчы Көлбаевдин зонадагы сүрөтү жарыяланды

Бөлүшүү:

Бүгүн, 23-октябрда социалдык тармактарда КР Өкмөтүнүн вице-премьер-министри Равшан Сабиров менен кримтөбөл Камчы Көлбаевдин N47-зонадагы сүрөтү жарыяланды.

Ал сүрөттө Камчы Көлбаевдин суранычы менен Нариман Түлеев жана Равшан Сабиров өз чөнтөктөрүнүн эсебинен зонага куруп берген футбол аянтчасында зонанын футбол командасы менен чоогу түшкөн бир элес камтылган.

Сүрөттө көрүнгөндөй, ортодо Камчы Көлбаев, анын жанында Равшан Сабиров турат. Экөөнүн ортосунда Адилет Касенов аларды кучактап турат. Уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү Касеновду “Көлбаевдин оң колу” деп аташат. Мындан тышкары, сүрөттө Баха Базар-Коргонский каймана аты менен белгилүү болгон кылмышкерлер Бакыт Абдубаитов, Мики жана “положенец” Дамир Сапарбаев (ал Дамке лакап аты менен белгилүү) да бар. Дамке 2015-жылы өлтүрүлгөн.

Белгилей кетсек, вице-премьер-министр Равшан Сабиров 2012-жылдын 5-июлунда жардамчысы Тахир Мирзахмедовдун көрсөтмөсүнүн негизинде кармалган. Ал чет элдик компаниялардын бирине Кыргызстандын аймагында балдарды Эл аралык асыроо тармагында иш алып барууга аккредитация маселесин чечип берүү үчүн 20 миң АКШ долларын талап кылган деген шек менен кармалган.

2013-жылы Равшан Сабиров Бишкек шаардык соту тарабынан соттолгон. Ал үй-мүлкүн конфискациялоо жана үч жылдык мөөнөткө мамлекеттик кызматты ээлөө укугунан ажыратуу менен беш жылга эркинен ажыратылды. 2014-жылы чыккан. Ал жаза мөөнөтүн №47 түзөтүү колониясында өтөгөн.

Аталган колонияда мыйзамдагы ууру Камчы Көлбаев да отурган. Ал 2012-жылы декабрда кылмыштуу топту уюштурган, баңгизат сактаган, бийлик өкүлүнө карата зомбулук көрсөткөн жана адам уурдаган деген айып менен кармалган. Бишкек шаардык соту аны 3 жылга эркинен ажыраткан. 8-июнда Көлбаев бошотулган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 9

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: