Бүгүн, 23-октябрда президенттин м.а. жана премьер-министр Садыр Жапаровдун кымбат баалуу күрмөсү коомчулукта кызуу талкуу жаратты.
Ал бүгүн социалдык тармактардагы баракчалары аркылуу кайрылуу таратып, шайлоолор мартка чейин бүтөөрүн, парламент июнь айына чейин иштебей турганын ишендирген. Ал кайрылуу менен бирге өкмөт башчынын “KITON” фирмасынын көк түстөгү күрмөсүн кийип, иштеп отурган сүрөтү да жарыяланды.
Социалдык тармактардын колдонуучулары Жапаровдун күрмөсүн талкууга алышып, анын баасы болжол менен 3 миң доллар экенин жазуда.
Интернет дүкөндөрдө Жапаров кийген күрмөнүн баасы 232 500 рубль экени айтылат. Аны сом менен эсептегенде 246 250 болот.
Ошондой эле, бир нече күн мурун коррупцияга шектелип, сот отурумунан кийин эч жакка кетпөө шарты менен үйүнө бошотулган Райым Матраимовдун да баш кийими талкууга алынган.
Райымбек Матраимов кармалганда кийип жүргөн “LORO PIANA” кепкасы 36 100 рубль же 38 266 сом турат.
Ал эми кримтөбөл Камчы Көлбаев УКМК тарабынан кармалганда кийип жүргөн “FENDI” компаниясынын курткасы интернет дүкөндөрдө 995 евро же 95 150 сомго бааланат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ