Бүгүн, 23-октябрга карата Борбордук шайлоо комиссиясына 25 саясий партиядан ЖКнын депутаттарын кайталап шайлоого катышуу ниети жөнүндө билдирүү келип түштү.
Буга чейин БШК кайрадан өтө турган шайлоону 2020-жылдын 20-декабрына дайындаган. Бирок, бир күн мурун Жогорку Кеңеш шайлоону кийинкиге жылдырган.
Ошентип, шайлоого катышуу ниетин төмөндөгү партиялар билдирди:
1. Кыргызстандын жашылдар партиясы
2. Бүтүн Кыргызстан
3. Билим Илим Ордосу
4. Мекен Ынтымагы
5. Ата Мекен
6. Ыйман Нуру
7. Афганистандагы согуштун ардагерлеринин жана башка жергиликтүү аскердик чыр-чатактардын катышуучуларынын саясий партиясы
8. Эл биримдиги
9. Улут Ордо
10. Элдик Кеңеш
11. Эл үнү партиясы
12. Патриот партиясы
13. Актив партиясы
14. Кыргызстан Жаштар партиясы
15. Адилеттүү Кыргызстан
16. Социал-демократтар партиясы
17. Өнүгүү Кыргызстан
18. Ордо партиясы
19. Республика партиясы
20. Ак Шумкар партиясы
21. Реформа партиясы
22. Улутман республикалык партиясы
23. «Нур» либералдык-демократиялык партиясы
24. Улуу Журт партиясы
25. Бүткүл жаштар саясий партиясы
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ