Menu

Ошто кызганычтан улам кош бойлуу аялын сабап өлтүргөн жаран кайненесин дагы сабаган

Бөлүшүү:

Ош шаарындагы күйөөсү тарабынан сабалган кош бойлуу аялдын өлүмүнүн себеби башына катуу сокку урулган. Бул тууралуу Ош облустук соттук-медициналык экспертизанын бюросунун танатология бөлүмүнүн башчысы Арап Кожобаев билдирди.

Анын айтымында, сабалган аял ооруканага кайрылбай, жөн гана үйүндө жатып калган. Күйөөсү кошуналардан кош бойлуу аялынын абалын сурап берүүнү өтүнүп, өзү болсо белгисиз тарапка качып кеткен.

«Аял 8 айлык боюнда болгон. Анын эки колу катуу буралган. Бизге жеткен маалыматтарга караганда, күйөөсү телефонду мындан ары колуңа алба деп ур-токмокко алган. Ошондой эле, денеде тепкилердин издери бар. Мындан тышкары, башынан оор жаракат алып, өлүмгө себеп болду», – деди Кожобаев.

Ал кошумчалагандай, каза болгон кош бойлуу аялдын өздүгүн тактоо учурунда ал Өзбекстандын жараны болуп чыкты. Анын сөөгүн өлүкканадан кошуналары алып кетишкен. Аялдын сөөгү Ош шаарындагы көрүстөндөрдүн бирине коюлган.

Буга чейин Ош шаарынын Ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте аялды өлтүрүүгө шектүү делген – 1988-жылы туулган жолдошу А.Аны кармаган.

Маалым болгондой, шектүү аялына жана кайненесине 20-октябрда саат 13:00 чамасында кол салган. Аялдар эки күн үйдө болушкан. Аялы 22-октябрда каза болгон. Анын апасы оор абалда ооруканага жаткырылды.

Шектүү алдын ала көрсөтмө берип жатып, кызганычтан улам кылмышка барганын айткан. Маалымат текшерилүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: