Кыргызстандын алгачкы президенти Аскар Акаевдин уулу Айдар Акаев спирт ичимдиктеринен жана баңги заттарына ууланып каза болду. Бул тууралуу “Комсомольская правда” укук коргоо органдарындагы булакка шилтеме берүү менен билдирет.
Малыматта жазылгандай, тестирлөө ичимдик менен кокаиндин айкалышы жүрөктүн токтоп калышына алып келгенин көрсөттү. Айдар Акаевдин өлүмү ушул жылдын 6-февралында белгилүү болгон. Ал 44 жашка чыкмак.
Кыргызстандын биринчи президентинин төрт баласы бар. Алар Бермет, Айдар, Саадат жана Илим. Бермет жана Айдар Акаевдер Жогорку Кеңешке талапкерлигин көрсөтүп, “Алга Кыргызстан” бийликчил партиясынан депутаттык мандат алышкан.
Айдар Акаев Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаевдин уулдарынын улуусу. Үй-бүлөлүү, үч баланын атасы болчу. 2005-жылы 24-мартта атасы бийликтен кеткенден кийин Айдар Акаев Москва шаарында ишкерлик менен алектенип жүргөнү айтылып келген.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ