23-октябрда Кыргызстандын Пакистандагы элчилигинин катышуусу менен Пакистан Ак илбирс Фондусу жана Равалпинди ш. Фатима Джина атындагы Аялдар Университети биргеликте уюштурган, ак илбирс Бүткүл дүйнөлүк күнүнө арналган “Ак илбирсти сактоого аялдардын катышуусу” темасында вебинар өттү. Иш-чарага айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы мамлекеттик органдардын, коомдук экологиялык уюмдардын өкүлдөрү, эксперттер, окутуучулар жана студенттер катышты.
Кыргыз Республикасынын Элчиси Эрик Бейшембиев вебинарда негизги баяндамачылардын бири болду. Ал сөзүндө 2013-жылы Кыргызстанда өткөн Ак илбирстин Бүткүл Дүйнөлүк Форумунун өзгөчө маанисин, анын жыйынтыгында Дүйнөлүк Ак илбирсти жана Экосистеманы Коргоо Программасы ишке киргизилгенин, ошондой эле жыл сайын 23-октябрда белгиленүүчү Бүткүл Дүйнөлүк Ак илбирс күнү болуп калганын белгиледи. Ошондой эле, ал Кыргызстандагы экотуризмдин мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалымат берди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ