Menu

Кыргызстанда дагы 556 адамдан коронавирус жана пневмония табылды, 4 бейтап илдеттин улам көз жумду

Бөлүшүү:

Бүгүн, 24-октябрда өлкөдө коронавирус жана пневмония илдетинин жаңы 556 учуру катталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб билдирди.

Жаңы учурлар: Бишкек шаарынан – 149, Ош шаарынан – 34, Чүй облусунан – 67, Ош облусунан – 75, Талас облусунан – 23, Нарын облусунан – 4, Ысык-Көл облусунан – 35, Жалал-Абад облусунан – 83, Баткен облусунан – 86 катталган. Муну менен жалпысынан 55144 адам ооруга чалдыккан.

Өткөн сутка ичинде 287 адам оорудан айыгып ооруканадан чыгарылган. Алардын жалпы саны 47 337ге жетти.

Оорудан айыккандар: Бишкек – 32, Ош шаары – 45, Чүй облусу – 35, Ош облусу – 60, Талас облусу – 5, Нарын облусу – 1, Ысык-Көл облусу – 13, Жалал-Абад облусу – 73, Баткен облусу – 23.

Акыркы бир сутка ичинде коронавирус инфекциясынан (пневмонияны эске алганда) 4 адам каза болду. Чүй облусу – 1; Бишкек – 1; Ош облусу – 1; Баткен облусу – 1. Алардын жалпы саны 1130га жетти.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 11 − 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: