Menu

Бишкекте “ОсОО пикник” имаратынан кабелди уурдап кеткен жаран кармалды

Бөлүшүү:

Милициянын кайгуул кызматы Уурдоого шектүү жаранды кармады. Бул тууралуу бүгүн, 24-октябрда Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, кечээ, 23-октябрда болжол менен саат 05:50 чамасында Бишкек ШИИББнин “102” кызматына Байтик Баатыр көчөсүнөн электр энергиясына тийешелүү буюмдарды уурдап кетти деген маалымат келип түшкөн.

Айтылган дарекке ошол замат Бишкек ШИИББгы боюнча Милициянын кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаганда 1963-жылы туулган А.Н аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда ошол эле күнү болжол менен саат 05:00 чамасында “ОсОО пикник” имаратынан узундугу 150 метр болгон баасы 20 000 сомду түзгөн кабелди уурдап кеткен. Мына ошол жаранга чара көрүүнү өтүнгөн.

Жазылган арыздын негизинде милициянын кайгуул кызматкерлери ыкчам издөө иштерин уюштуруп, кылмыш иизин суутпай кылмышка шектүү катары 1971-жылы туулган З.А аттуу жаранды кармашып, октябрь райондук ИИБнын Тергөө кызматына өткөрүп, беришкен.

Бул факты боюнча октябрь райондук ИИБгы тарабынан Кылмыштардын жана Жооруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 200-беренесинин (Уурдоо) негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: