Аралаш мушташтын (ММА) мурдагы мушкери Шамил Абдулмуслимов Дагестанда өлтүрүлдү. Бул тууралуу чет өлкөлүк ММКлар жазып чыкты.
Маалыматтар боюнча, 35 жаштагы Абдулмуслимов 22-октябрда Хасавюрт шаарында атып өлтүрүлгөн. Мурунку мушкер “Вайнах” кафесинде тааныштары менен эс алып отурган, ал убакта бир нече адам кафеге автомат менен кирип келип, ок чыгарышкан. Спортчу алган жаракатынан улам көз жумган.
” Baza” Telegram каналы маалымдагандай, эки адам жер тилкеси боюнча спортчу менен урушкан. Алгач алар сүйлөшүп, анан тарап кетишкен, бирок кийин кылмышкерлер курал менен кафеге кайтып келишкен. Полиция аларды кылмыш болгон жерден кармады.
Акыркы жолу Абдулмуслимов 2013-жылы мушташкан. Карьерасында 11 жолу жеңишке жетип, төрт жолу жеңилүү ызасын тарткан.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ