Menu

Эркин Асрандиев эмне үчүн Садыр Жапаровдун өкмөтүнүн курамында иштөөдөн баш тартканын айтты

Бөлүшүү:

Мурунку вице-премьер-министр Эркин Асрандиев эмне үчүн Садыр Жапаровдун командасында иштөөдөн баш тартканын түшүндүрдү. Бул тууралуу ал өзүнүн Facebook социалдык тармагындагы баракчасына жазып чыкты.

Анын айтымы боюнча, 2013-жылы ал “Ысык-Көл Инвестбанктын” консерватору болгон жана мурунку жылдары АзияУниверсалБанкы, Манас банкы жана башкалар менен биргеликте жасалган банктын мыйзамсыз бүтүмдөрүнө байланыштуу документтерди көргөн.

“Бул операциялар Максим Бакиевге жана анын айланасындагыларга байланыштуу деп айтууга негиз бар” – дейт ал.

“Бул операциялар Райкүл Жапарованын жетекчилиги астында жүргүзүлгөн. Банк иш жүзүндө анын колунда болчу. Муну Садыр Жапаров билбей коё алган жок деп ойлойм. Бул жылдары ал Курманбек Бакиевдин кеңешчиси болуп иштеген, Коррупциянын алдын алуу агенттигин жетектеген” – деп жазган Асрандиев.

Ал кадыр-баркына күмөн санаган адамдын жетекчилиги астында иштей албай турганын кошумчалады.

скриншот из соцсетей

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: