Дүйнөнү пандемиянын өтө оор айлары күтүп турат. Мындай билдирүүнү жума күнү Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башкы директору Тедрос Адханом Гебрейесус брифингде жасаганын БУУнун Жаңылыктар Борбору билдирет.
“Биз COVID-19 пандемиясынын оор мезгилинде турабыз, айрыкча, түндүк жарым шары. Жакынкы бир нече ай өтө оор болот жана бир катар өлкөлөр кооптуу багыттар боюнча баратат. Өтө көп мамлекеттер COVID-19 инфекциясынын өсүшүнө дуушар болушкан, бул ооруканаларды жана реанимация бөлүмдөрүн өз мүмкүнчүлүктөрүнүн чегине жеткирүүдө. Ал эми бул октябрь айы гана “, – деди ДССУнун башчысы.
Гебрейесустун айтымында, өлкө башчылары жаңы катастрофанын алдын алуу үчүн чараларды көрүшү керек.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ